Радио

Акималиев: кара көө азык-түлүк коопсуздугуна кесепетин тийгизчү илдет

Айыл чарба боюнча серепчи Жамин Акималиев кара көө илдетинен жабыр тарткан фермерлерге жардам берилиши керектигин белгиледи.
Sputnik
Кара көө — азык-түлүк коопсуздугуна терс таасирин тийгизе турган илдет. Аны министрлер кабинети, жалпы коомчулук ыкчам чара көрүп токтотуп калуу зарыл. Бул тууралуу Жамин Акималиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, союз учурунда кара көө аныкталган аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилчү.
"Мал чарбасында шарп чыкса карантин киргизилип, анын жайылышын токтотууга аракет жасалат. Кара көө дагы дан эгиндери үчүн ушундай коркунучтуу. Ал азык-түлүк коопсуздугуна, ал тургай мамлекеттик коопсуздукка залалын тийгизет. Ошондуктан айыл чарба министрлиги мындай инфекциялуу оору боюнча так маалыматты бериш керек. Ошого жараша министрлер кабинети, жалпы коомчулук менен бирге ыкчам чара көрүп, анын жайылуусун токтотуп калуу зарыл. Анткени аталган илдет чаң түрүндө болуп, жел болсо эле миңдеген гектарларды каптап кетиши ыктымал. Ал эми андан зыян тарткан фермерлерге көмөк берүү зарыл", — деди Акималиев.
Ошондой эле бул маалыматты коомчулук Жогорку Кеңештин сессиясынан угуп, министрлик кара көөнүн кооптуулугун азайтууга далалат кылып жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар фермерлерге берилген үрөндөн өтө кооптуу инфекция аныкталып жатканын маалымдаган. Кийин Айыл чарба министрлиги жыйын өткөрүп, маалыматты тастыктап, бирок илдеттин аныкталышы түшүмгө терс таасирин тийгизбей турганын белгилеген.