Радио

Жумалиев: Бишкектеги эмен бактары картая элек

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев борбор калаада муниципалитетке караштуу 230 миңдей бак-дарак бар экенин айтты.
Sputnik
Эмен багы 150 жылдай жашайт. Борбор калаадагы эмендерге 80-100 жылдын тегереги болду. Аларды картайып калды дегенге али эрте. Бул тууралуу Жаныбек Жумалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, теректер шаар шартында 45-50 жыл жашайт.
"Борбор калаадагы бактардын көбү 50-60-жылдары отургузулган. Алардын жашоо мөөнөтү бактын түрүнө жараша болот. Мисалы, шаардын шартында теректер 45-50 жылдан кийин кандай абалда болсо да кыркылып, ордуна башкасы тигилиши керек. Ал эми Бишкекте сейил бактарда көбүнесе эмен багы тигилген. Эмен 150 жылдай жашаган дарак. Учурда борбор калаадагыларын эскирди деп айтууга болбойт. Ал эми аларды убагында бутап туруу жагынан кемчиликтер бар. Анткени борбор калаанын ар бир районунда болгону бирден гана атайын техника иштейт. Ошондой эле шаарда катуу шамал болгондо бак чирип калганынан эмес, түйгөн мөмө же уругун шактары көтөрө албай сынган, кулаган учурларга дуушар болуудабыз", — деди Жумалиев.
Агроном шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн аймагына тигилген бак-дарак үй комитеттерине караштуу болорун кошумчалады.