Бишкекте өнөр жай көргөзмөсү өтөт

Иш-чара 21-июнда башталып, 23үндө соңуна чыгат
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаада EXPO-RUSSIA KYRGYZSTAN 2022/ EXPO EURASIA – 2022 деп аталган өнөр жай көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында эл аралык кызматташуу боюнча иш алып барган "Зарубеж-Экспо" компаниясынын директору Анатолий Николаев билдирди.
Анын айтымына караганда, бул — эки аталыш болгону менен мазмуну бир эле көргөзмө.
"Ага россиялык 100гө жакын компания келет, ал эми Кыргызстандан 20га чукулу катышат. Азыр жалпы саны жана кайсы ишканалар экени такталып жатат", — деди Николаев.
Ал көргөзмөгө баш-аягы 250гө чукул компания катышарын, алардын бир катары онлайн боло тургандыгын кошумчалады.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экспортту алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Тилек Жумалиев кыргызстандык компаниялардын арбын катышары күтүлүп жаткандыгын айтты.
Бишкектеги бизнес-форум 21-23-июнь күндөрү "Аю Гранд" соода борборунда өтөт. Аны "Зарубеж-Экспо" компаниясы менен Инвестиция боюнча улуттук агенттик уюштуруп жатканы айтылды.
Ысык-Көлдө ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лизинги боюнча бизнес-форум өттү