"Мадина" базарынын жанындагы көчөнүн бир тарабы кеңейтилди. Сүрөт

7-Апрелге катарлаш көчө мурда убактылуу жабылган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Борбор калаадагы 7-Апрель көчөсүнүн "Мадина" базарынын аймагындагы бөлүгүнүн башка жолго чыгып кеткен чыгыш жак тарабын кеңейтишти. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
7-Апрель көчөсүнө катарлаш көчө мурда убактылуу жабылганы айтылды.
"Бишкек асфальт сервис", мындан сырткары, "Мадина" базарынын алдына металл тосмолорду орноткон.
Жол белгилери менен чийиндерге көңүл бурушпайт. Айдоочулар бузган эрежелер