Аскар Акаев Казак улуттук университетине ардактуу конок болуп келди. Сүрөт

Акаев кечээ студенттерге бир лекция окуган, эртең дагы башка темада лектор болот.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине Кыргызстандын тунгуч президенти, Россия илимдер академиясынын академиги Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө ардактуу конок катары келди. Бул туурасында маалымат аталган окуу жайдын сайтына жарыяланды.
Университеттин ректору Жансеит Туймебаев Акаевдин эмгек жолу тууралуу айтып, илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеген.
1 / 4

Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине Кыргызстандын тунгуч президенти, Россия илимдер академиясынын академиги Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө ардактуу конок катары келди

2 / 4

Университеттин ректору Жансеит Туймебаев Акаевдин эмгек жолу тууралуу айтып, илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгилеген

3 / 4

Тунгуч президент кечээ, 19-июнда, "Байыркы доордон берки жана адамзат келечегиндеги демография динамикасы" деген темада лидерлик лекция өтүп, ошондой эле улуттук университеттин морнизациялоо планы менен таанышкан

4 / 4

Акаев Аль-Фараби атындагы окуу жайга 45 жылдан кийин келип жатканын айткан

Тунгуч президент кечээ, 19-июнда, "Байыркы доордон берки жана адамзат келечегиндеги демография динамикасы" деген темада лидерлик лекция өтүп, ошондой эле улуттук университеттин морнизациялоо планы менен таанышкан.
Акаев Аль-Фараби атындагы окуу жайга 45 жылдан кийин келип жатканын айткан. Ал 21-июнда дагы студенттер сарайында "Санарип экономика, моделдер жана божомолдор" аталышындагы экинчи лекциясын өтө турганын кошумчалады. Муну менен катар өзүнүн долбоорлору жана изилдөөлөрү тууралуу баяндап берери жазылган.
Аскар Акаев: эми мен Кыргызстанга каалаган учурда келип кете алам