Быйыл "Алтын тамга" ала турган 80 бүтүрүүчүнүн аты-жөнү жарыяланды

Артыкчылык аттестатынын дээрлик жарымына Бишкекте окугандар жетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. 2021-2022-окуу жылында "Алтын тамга" жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациянын жыйынтыгы боюнча 80 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатын алат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, техникалык комиссия даттанууларды карап чыккандан кийин 16-июнда аттестациянын жыйынтыгы бекитилген.
"Алтын тамга" ала турган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аймактар боюнча саны:
Баткен облусу - 3;
Бишкек шаары - 37;
Жалал-Абад облусу - 11;
Нарын облусу - 1;
Ош шаары - 3;
Ош облусу - 15;
Талас облусу - 3;
Чүй облусу - 1;
Ысык-Көл облусу - 6.
Артыкчылык аттестатын алуу укугун тастыктаган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына жайгаштырылды.
ЖРТнын жыйынтыгы качан чыгары айтылды