БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Украин улутчулдарынын "Айдар" батальонунун командирлеринин бири Северодонецкинин четиндеги Метелкино айылын тазалоо учурунда колго түшкөнүн РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, бир нече украин согушкери багынып беришкен, алардын арасында "Айдардын" командирлеринин бири да бар. Азыр анын канчалык таасирдүү экени аныкталып жатат.
РИА Новости агенттигинин күч органдарындагы маалымат булагы билдиргендей, учурда Северодонецк аймагында Метелкино менен кошуна Сиротино айылы үчүн салгылашуулар жүрүүдө.
Шаардын коменданты Виктор Дубина мурдараак Северодонецкидеги "Азот" заводунда жашынган украин согушкерлери менен багынып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Ал эми ЛЭР Элдик милициясынын подполковниги Андрей Марочко "украиналык айрым аскерлер туура чечим кабыл алып, багынып бере башташты" деп билдирген.
Россия Украинадагы аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Андан бери украиналык аскерлер колго түшүрүлгөн учурлар бир нече ирет катталды.