Таластын 50 тургуну Түштүк Кореяда 5 ай иштеп келмей болду

Тандоодон өткөндөр Кореяда беш ай айыл чарба тармагында иштеп келмекчи.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Талас облусунун 50 тургунун Түштүк Кореяга жумушка орноштуруу боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирмеге караганда, министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Талас облусунун тургундарын Кореянын Кочанг районунда айыл чарба жумуштарына кыска мөөнөткө орноштуруу боюнча үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшкан.
"Аталган келишимдин алкагында президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты аталган аймактан Кореяда иштеп келүүнү каалагандарга тандоо өткөрүүдө. Тандоодон өткөндөр Кореяда беш ай айыл чарба тармагында иштеп келмекчи", — деп айтылат билдирмеде.
Тандоо жана ишке орноштуруунун шарттары боюнча кошумча маалымат кийинчерээк бериле турганы айтылды.
35 жашка чейинки кыргызстандыктар Японияда үч багыт боюнча ишке орноштурулат