БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Лангар айылында жеңил автоунаа Porter менен кагышып, эки эркек киши көз жумду. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, жол кырсыгы 19-июнь күнү саат 08:00дөр чамасында Ош— Эркеч-Там жолунун 30-чакырымында катталган.
"Алай районундагы Гүлчө айылынын 34 жаштагы тургуну Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада өз жолунда келе жаткан Hyundai Porter машинасы менен кагышкан. Ал автоунааны Кара-Суу районунун Медресе айылынын 49 жаштагы тургуну башкарып келе жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Кырсыктын кесепетинен жеңил автоунаанын 29 жаштагы жүргүнчүсү мүрт кеткен. Ошол эле автоунаанын дагы бир 44 жаштагы жүргүнчүсү Ош облустук ооруканадан үзүлгөнү айтылды.
Ford Focus үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен дагы бир жүргүнчүсү, Hyundai Porter машинасынын айдоочусу менен жүргүнчүсү ооруканага жаткырылганы кошумчаланды.