Корпоративдик башкаруу аркылуу компаниянын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылып, натыйжалуу иш алып барууга шарт түзсө болот. Бул тууралуу Мээрим Аскарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, каржы туруктуулугун сактоодо, инвестиция тартууда көз карандысыз директорлордун иши маанилүү.
"Ири компанияларда корпоративдик башкарууну жайылтуу керек. Ал үчүн мамлекеттин колдоосу абдан маанилүү. Өзгөчө компаниянын ишин жакшыртууда, каржы туруктуулугун сактоодо, инвестиция тартуу максатында колдонууга болот. Өкмөт да ишкерлерге бөгөт койбой колдон келген жардамын берүүгө умтулушу зарыл. Учурда бизнес-ассоциациялардын бул жаатта жасаган иши жакшы болуп, сектордо маалымат жеткирилип жатат. Мындан тышкары, фондулук биржа инвестиция тартууда жакшы аянтча болуп бере алат", — деди Аскарбекова.
Ошондой эле адис аймактардагы ишкерлердин каржылык сабаттуулугун арттырууга да көңүл буруу керектигин кошумчалады.