Кыргызстандан чыккан Coca-Cola Россиянын дүкөндөрүндө сатыла баштады

Аталган бренддин суусундук боюнча дистрибьютору Россиядагы өндүрүшү менен соодасын токтотуп жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Социалдык тармакта Россиянын Екатеринбург жана башка шаарларында Кыргызстандан чыгарылган Coca-Cola, Fanta жана Sprite сатылып жаткан сүрөттөр тараган.
Анда суусундуктун Бишкекте өндүрүлгөнү жазылып турат. Мындан тышкары, этикеткасында кыргыз тилинде "классикалык" деген жазууну көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Coca-Cola HBC компаниясы (бренддин суусундук боюнча Россиядагы дистрибьютору) Россиядагы өндүрүшү менен соодасын токтотуп жатканын айткан.
Россиялык компаниялар ЕАЭБ өлкөлөрүнө канат жаюуга ниеттенип жатат