Подиум, саркеч кийим жана сулуулар... Бишкектеги мода жумалыгынан сүрөттөр

Бишкекте Fashion Week Kyrgyzstan – 2022 мода жумалыгынын алкагында The Next Fashion дизайнерлер сынагы өттү.
Sputnik
Иш-чара 16-июндан 18-июнга чейин болду. Жаш дизайнерлердин The Next Fashion сынагы КМШдагы жаш дизайнерлер үчүн эң мыкты профессионалдык трамплин болуп саналган "Русский силуэт" эл аралык ири сынагынын улуттук тандоо туру болуп калды.
Калыстар тобунун курамына Санкт-Петербургдагы кийим тигүүчүлөр союзунун мүчөсү Евгения Кривошеина, CHAPANSAR чыгармачылык студиясынын жетекчиси Жумагүл Сариева, "Бүкөн" арт-студиясынын директору Айдай Асангулова, дизайнерлер Асел Абдыкадырова менен Анна Те кирди.
Гран-при Айзирек Нурканованын "Комбинация" коллекциясына ыйгарылды. Ошондой эле байгелүү орундар Виктория Калинкина, Мадина Саматова жана "Шамал шаанын" чыгармачыл тобуна берилди.
1 / 15

Бишкекте Fashion Week Kyrgyzstan – 2022 мода жумалыгы өттү

2 / 15

Иш-чара борбор калаадагы мейманканалардын биринде болду

3 / 15

Fashion Week Kyrgyzstan – жыл сайын өткөрүлүүчү мода көргөзмөсү

4 / 15

Иш-чаранын алкагында The Next Fashion дизайн сынагы өттү

5 / 15

Шоу 16-июндан 18-июнга чейин созулду

6 / 15

Ата мекендик өндүрүүчүлөр жаңы коллекцияларды көрсөтүштү

7 / 15

30га жакын кутюрье өз эмгектерин тартуулады

8 / 15

Моделдер мода көргөзмөсүнө чейин

9 / 15

Өзгөчө кийимдер көрсөтүлдү

10 / 15

Башкалардан айырмалангысы келген айымдар үчүн жаңы коллекция

11 / 15

Fashion Week Kyrgyzstan - 2022 көргөзмөсүндөгү модель кыз

12 / 15

Маска мындан ары коргоо каражаты гана эмес, мода коллекциясынын бир бөлүгү болуп калды

13 / 15

Мода дизайнерлери кийим коллекцияларын түзүүдө этникалык стилди активдүү колдонушкан

14 / 15

Шоу бардык курактагы көрүүчүлөрдү өзүнө тартты

15 / 15

Иш-чаранын алкагында профессионал моделдердин The Face of Asia сынагы да болуп өттү, ал Asian Models Festival 2022 эл аралык сулуулук сынагынын тандоо туру болуп саналат.