Кечки Бишкек, көчөнү толтура чуркаган жөө күлүктөр. Түнкү жарыштан 15 сүрөт

Кечээ, 18-июнда, Бишкекте Toyboss Night Run 2022 түнкү жарышы өттү.
Sputnik
Бул марафонго 2 миңге чукул адам катышып, алар 5, 10, 21,1 чакырымга чуркашты. Мындан тышкары, EKIDEN аттуу командалык эстафета болуп өттү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиаөнөктөшү болду.
1 / 15

Бишкекте өткөн Toyboss Night Run 2022 түнкү жарышы

2 / 15

Спорттук иш-чарага бул ирет 2 миңден ашык адам катышты

3 / 15

Марафон Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өттү

4 / 15

Салтка айланган бул жарыш жыл сайын уюштурулат

5 / 15

Жарыш учурунда жолдор жабылып, тартип сакчылар кызматта болушту

6 / 15

Түнкү марафондо автоунаалардын кыймылына жолтоо болбош үчүн жолдун бир бөлүгү гана жабылды

7 / 15

Toyboss Night Run 2022 түнкү марафонунун катышуучулары 5, 10, 21,1 чакырымдарына чуркашты. Ошондой эле EKIDEN аттуу командалык эстафета өттү.

8 / 15

Спорттук иш-чара күн баткандан кийин башталды

9 / 15

Жарышка катыша турчулар АЮ Grand соода борборунун алдына чогулушту

10 / 15

Байге фонду 200 миң сомдон ашык каражатты түздү

11 / 15

Буга чейин уюштуруучулар жарышта ар бир катышуучудан түшкөн каражаттын 20 сому 10 жашка чейинки угуусу начар балдарга угуу аппараттарын сатып алууга жумшаларын айткан

12 / 15

Күлүктөрдү сыйлоо учуру

13 / 15

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиаөнөктөшү болду

14 / 15

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина жарыштын эң кенже катышуучусуна, 17 жаштагы Эльдар Шерматовго белек ыйгарды

15 / 15

Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурган