Беш жашар кыз китебин чыгарып, дүйнөдөгү эң жаш жазуучу болуп калды

Басылма Белла эми окуяны "Сноуинин туулган күнүнө арналган кече" деген китеп менен улантууну пландап жатканын жазды.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Улуу британиялык беш жашар Белла Дарк китебин чыгарып, дүйнөдөгү эң жаш жазуучу болуп калды. Бул тууралуу Good News Network жазган.
Бөбөк чыгармасын "Жоголгон мышык" деп атаган. Бул жумада эки миң нуска сатылгандан кийин аны Гиннестин китебине катташкан.

"Биз сиздин, эң жаш жазуучу кыздын китеби колдоого алынганына кубанычтабыз. Сиздин Гиннестин рекорддор китебинен бекер бир сертификат алганга укугуңуз бар. Куттуктайбыз!" — деп айтылган Гиннестин рекорддор китебинин өкүлүнүн катында.

Сюжетте мышыктын баласы Сноуи энеси жок жалгыз көчөгө чыгып жоголуп кетет, бул мезгилде ал өмүрүндөгү өтө маанилүү делген сабактарды алат. Жаш жазуучу китепке бирөөнү, улуу эжеси Лейсинин бир эмгегинен башка сүрөттөрдү өзү тарткан.
"Биз Белла менен абдан сыймыктанабыз, чынын айтсак, азыр деле ушундай окуя болгонуна ишене албай турабыз. Бул өтө таңгалдыра турган нерсе", — деп айтып берген кичинекей жазуучунун ата-энеси.
Басылма Белла эми окуяны "Сноуинин туулган күнүнө арналган кече" деген китеп менен улантууну пландап жатканын жазды.
Балага 3 жашка чейин гаджет карматпагыла! Адис өтө кооптуу кесепеттерин айтты