Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Forbes: Батыш Украинага колдоо көрсөтө берип тажап калды

Автор адамдар азыр дүйнөдөгү башка окуяларга кызыгып жатканын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Батыш коомчулугу тарабынан Украинага каржылык колдоо көрсөтүү төрт айда "иренжүү" деңгээлине чейин түшүп кетти. Бул туурасында Forbes басылмасынын колумнисти Жен Барнстын макаласында жазылган.
Автор эскалация кризисинин алгачкы күндөрү адамдар Украинаны колдоого ынтызар болушканын, бирок алар азыр дүйнөдөгү башка окуяларга кызыга баштаганын белгилеген.
"Чек арасыз дарыгерлер" уюмунун статистикасына ылайык, Украина үчүн акча берип жаткандардын саны майда 21 миңге түшкөн, андан мурунку мезгилде 70 миңге жетип турган эле. Түштүк Калифорниядагы Direct Relief кайрымдуулук уюму март айында ишкана жана жеке адамдардан 80 миңден ашуун садага чогулткан, бирок апрелде алардын саны 90 пайызга кыскарган.
Мындан сырткары, макалада Кызыл ай эл аралык уюму Украина үчүн каралган каражат азайганын билдиргени жазылган.
Ал эми Чикагодогу Украин улуттук музейинин куратору Мария Климчак Россия атайын операция баштаган биринчи айда мекемеге келгендердин саны кескин өсүп, бирок андан кийин 40 пайызга азайып кеткенин белгилеген. Анын айтымында, алгачкы күндөрү эл украин желеги тартылган сувенирлерди активдүү сатып алышкан. Бирок азыр текчелеринде толо турат.
"Климчак өзү туулган өлкөнү колдогондордун саны суюлуп баратканына тынчсызданууда", — деди Барнс.
24-февралдан бери Россия Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын аскердик операция жүргүзүүдө. Владимир Путин анын максатын "сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге дуушар болгон адамдарды коргоо" деп атаган.
Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Россия армиясы биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарды. Натыйжада Украинанын аскердик потенциалы бир топ кыскарган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ: Батыш өлкөлөрүнүн өзүндө курал-жарак запасы калбай баратат