Токаев “Манас” орденинен баш тарттыбы? Жапаровдун маалымат катчысынын жообу

Казакстандын президентинин маалымат катчысы Руслан Желдибай Токаев президенттик мөөнөтү соңуна чыкканга чейин сыйлыктар менен ордендерден баш тартканын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында ага мамлекеттик сыйлык тапшыруу пландалган эмес. Бул тууралуу Sputnik агенттигине КР президентинин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Эске салсак, буга чейин саясат таануучу Ербол Едилов Токаев Кыргызстандын I даражадагы Манас орденин алуудан баш тартканын билдирген. Ал ошондой эле Россия дагы Токаевге Александр Невский орденин тапшырууну ниеттенгенин, бирок Токаев макул болбой койгонун айткан. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Руслан Желдибай Токаев президенттик мөөнөтү соңуна чыкканга чейин сыйлыктар менен ордендерден баш тартканын кабарлаган.
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Подъем" басылмасына Токаевди сыйлоо планы болбогонун билдирди.
Россиянын ИИМ башчысы Колокольцев "Достук" ордени менен сыйланды