Sputnik жетекчиси Бишкектеги түнкү жарыштын кенже катышуучусуна белек тапшырды

Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштуруп, байге фонду 208 миң сомду түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина Бишкекте өткөн Night Run 2022 жарышынын эң кенже катышуучусу Эльдар Шерматовго белек ыйгарды.
№71 мектептин 11-класстагы окуучусу (17 жашта) марафонго өткөн жылдан бери катышып келет. Анын айтымында, жарыш боюнча маалыматты баннердеги жарнамадан окуп катышып көрүүнү чечкен. Ошондон бери иш-чарага үзбөй келип, беш чакырым аралыкка чуркайт.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина Бишкекте өткөн Night Run 2022 жарышынын эң кенже катышуучусу Эльдар Шерматовго белек ыйгарды

“Белектердин баары керектүү буюмдар. Мында чуркоо учурунда колдонууга ылайыкталган сумка, ысык же муздак суу куюп жүрүү үчүн термос жана көңүлдү көтөргөн мобилдик колонка бар. Сага ийгилик каалайм, жолуңдан тайба”, — деди Череменина.

Ал ошондой эле Sputnik маалымат агенттиги мындай жарыштарды 6 жылдан бери колдоп келе жатканын белгиледи.
№71 мектептин 11-класстагы окуучусу (17 жашта) марафонго өткөн жылдан бери катышып келет. Анын айтымында, жарыш боюнча маалыматты баннердеги жарнамадан окуп катышып көрүүнү чечкен. Ошондон бери иш-чарага үзбөй келип, беш чакырым аралыкка чуркайт.
“Биздин редакцияда чуркоону сүйгөндөр бар. Командабыз жарыштарга такай катышып келет. Ушундай спорттук иш-чара түптөлүп жыл сайын ага катышкандардын саны өсүп жатканына абдан кубанычтабыз. Активдүү жашоо образы жана спорт менен машыгуу өзүңдү бир формада кармап, алдыга койгон максаттарга жетүүгө жардам берет”, — деди Череменина.
Бүгүн, 18-июнь күнү, Бишкекте бардык спорт сүйүүчүлөрү үчүн жыл сайын өтүүчү Night Run 2022 жарышы болду. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштуруп, байге фонду 208 миң сомду түздү.
Тажикстан, Түркмөнстандан келишет. Бишкекте АФК-2022 кубогунун оюндары өтөт