"Салык чек" Кыргызстанда эң көп колдонулган 4 тиркеменин катарына кирди

Лотерея менен шыктандырылган тиркемени 47 миңден ашуун адам көчүрүп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Салык чек" тиркемеси Кыргызстанда көп колдонулган алдыңкы төрт социалдык тиркеменин катарына кирди. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Google Play жана App Store интернет дүкөндөрүнүн маалыматтарына ылайык, аталган сервистин алдыңкы сабында Instagram менен TikTok сыяктуу соцтармактар турат.
Азыркы тапта "Салык чек" тиркемесин көчүрүп алган жарандардын саны 47 миңден ашып, 2,2 миллиард сомго жакын кассалык чек сканерден өткөрүлгөн. Катышуучуларга 2,1 миллион лотереялык билет (ID номер) ыйгарылган. Бир билет 1000 сомго барабар.
Белгилей кетсек, лотереяга катышуу үчүн жарандар "Салык чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып каттоодон өтүп, товарларды сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чекти (ККМ) талап кылышы керек. Андан кийин чектин QR-кодун сканерлеп чогулта берет.
Лотереянын биринчи утушу 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында болуп, жандуу концерт жана кызыктуу шоу-программа менен коштолот.
Биринчи турда 2 автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 даана ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер ойнотулат.
Салык кызматы карызы барларга берилген мунапыс аяктап жатканын эскертти