ЖМК: президент Токаев Александр Невский жана Манас ордендеринен баш тарткан

Россия лидеринин маалымат катчысы Токаевге сыйлык ыйгаруу пландалбагандыгын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстан президенти Касым Жомарт Токаев анын мамлекеттин башындагы жетекчилик мөөнөтү аяктаганга чейин мамлекеттик эч кандай сыйлыктарды, ордендерди кабыл албай тургандыгын маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирген. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Саясат таануучу Ербол Едилов Россияда Токаевге Александр Невский орденин берүүнү чечишип, бирок Казакстан жетекчиси ал сыйлыктан баш тарткандыгын билдирген. Андан сырткары, ал президент биринчи даражадагы Манас орденинен баш тарткан деп айткан.
Кыргызстан президентинин маалымат кызматы бул боюнча комментарий берген жок. Ал эми Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Подъем" басылмасына Токаевге сыйлык ыйгаруу каралбагандагын айтты.
"Мындай кабар кайдан тарап кеткендигин билбейм, себеби сыйлык берүү пландалган эмес. Мындай нерсе жок болчу", — деген Песков.
Эске салсак, Токаев Петербургдагы эл аралык форумга катышып, Россия лидери Владимир Путин менен чогуу пленардык сессияда болгон.
Токаев соңку сыйлыгын Татарстанга барган өзүнүн биринчи сапарында алган, анда "Дуслык" ордени ыйгарылган эле.
Иштен качуу — трагедия. Токаев мигрант кыргыздарды мазактаган министрге кине койду