Ошту бир топ убакыт бою айланып учкан самолёт боюнча милициянын маалыматы

Бортто 200дөн ашуун жүргүнчү болгон. Эч ким жабыркаган жок. Аларга тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ошто “Аэрономад” компаниясынын Ош-Дели каттамына учуучу самолёту техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу 17 жолу асманда айланып учууга мажбур болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
Буга чейин соцтармак колдонуучулары Ош шаарынын үстүндө учак бир топ убакыттан бери айланып учуп жүргөнүн айтып, видеосун жарыялашкан.

"Ош” аэропортунан саат 18:50дө “Аэрономад” компаниясынын Ош-Дели каттамына учуучу самолёту техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу 17 жолу асманда айланып учууга мажбур болду. Техникалык мүчүлүштүктөр жөнгө салынбагандыктан кайрадан “Ош” аэропортуна келип конгон. Бортто 200дөн ашуун жүргүнчү болгон. Эч ким жабыркаган жок. Аларга тийиштүү кызматтар түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Милиция коомдук тартипти көзөмөлдөөдө”, — деди Аширбаев.

Учурда тийиштүү адистер техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ыкчам иштерди аткарып жатканы белгиленди.
Кыргызстандын үч аэропорту эл аралык сынакта жеңүүчү болду