Соодагерлер экспорттун айынан өлкөдө эт 50 сомго кымбаттаганын айтышты. Видео

Сатуучулар учурда бодо малдын эти тартыш болуп жатканын белгилешти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Кыргызстанда эттин баасы күн сайын өсүп, 15 күндүн аралыгында 50 сомго чейин кымбаттады. Бул тууралуу эт саткан соодагерлер билдирди.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бүгүн борбор калаадагы "Ош" жана "Орто-Сай" базарларына барып кырдаалга байкоо салып көрдү.
Эт сатуучулардын бири Максат Мыктыбекова Өзбекстанга эт экспорттоого жол ачылганына байланыштуу кымбаттап жатканын айтты.
"Эт алып келгендер ушул баага алсаң ал, болбосо жок деп жатышат. Күнүнө 5-10 сомдон кошулуп атып, 15 күндүн аралыгында 40-50 сомго кымбаттады", — деди сатуучу.
Дагы бир сатуучу Бурулча Молдобакиева бир килограмм эттин алды 600 сомго чыкканын билдирди. Мурда аны 550 сомдон сатышчу. Ошондой эле бодо малдын эти тартыш болуп жатканын белгиледи.
Деген менен Антимонополия кызматы баанын өсүшүн сезондук олку-солку катары сыпаттоодо.
Пресс-борбор
Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кандай өзгөрөт? Министрдин жообу