Россиялык компаниялар менен биргелешкен ишканаларды түзүп экспортту Азияга багыттоо зарыл. Мындай пикирин Төлөнбек Абдыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз ишкерлери товарларын ЕАЭБге экспорттоп, эл аралык деңгээлде соода жүгүртүүгө тажрыйба топтоду.
"ЕАЭБге киргенде ишкерлер алгач жакшы натыйжаларга жетише албай жатты. Анткен менен соңку убактарда өлкөдө дүйнөлүк стандарттарга ылайык товарлар чыгарыла баштады. Себеби уюмдун ичинде талаптар катуулап, тийиштүү эрежелерди камтыган техрегламенттер кабыл алынды. Кыргызстандык ишкерлер акырындап ошол талаптарга ылайыкташууда. Мурда Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) долбоорлордун сапаты менен товардын көлөмүнө байланыштуу көйгөйлөр бар экенин белгилечү. Учурда мындай кемчиликтер жоюлуп, ишкерлер жакшы долбоорлорду түзүп, аны РКӨФ каржылоодо. Азыркы тапта 600-700 миллион доллардын тегерегинде ар кандай долбоорлор иштеп жатат. Эмдиги жылы фонддун капиталын бир миллиардга жеткирүү планы айтылууда. Бул деле ишке ашчудай көрүнүүдө. Себеби россиялыктар менен биргелешкен компанияларды түзүп, үчүнчү өлкөлөргө товар чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Ошол эле учурда биргелешкен компаниялар түзүлүп, товар экспортко чыга баштаса Батыш бизге дагы санкция киргизип коюшу ыктымал. Ошондуктан Кытай, Индия сыяктуу Азия өлкөлөрүнө экспортко чыгарууну жолго коюу керек", — деди Абдыров.
Ошондой эле ал санкциядан улам Россиядан чыгып кеткен компаниялардын рыноктогу ордун ээлеп калуу үчүн кыргыз ишкерлери товардын көлөмүн өстүрүшү керектигин кошумчалады.