Тажикстан, Түркмөнстандан келишет. Бишкекте АФК-2022 кубогунун оюндары өтөт

Бардык оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогунун клубдук турниринин (F тайпасы) оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Анда төмөнкү клубдар беттешет:
24-июнь — Копетдаг (Түркмөнстан) – Худжанд (Тажикстан);
27-июнь — Дордой (Кыргызстан) – Копетдаг (Түркмөнстан);
30-июнь — Худжанд (Тажикстан) – Дордой (Кыргызстан).
Бардык оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болору айтылды.
Азия кубогунда ойной турчу 24 команда. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар