БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл жана Нарын облустарына барып жолдордун курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Ал Балыкчы — Кочкор темир жолуна да барып курулуштун жүрүшүн көргөн.
“Кыргыз темир жолунун” башкы директору Азамат Сакиев учурда бир чакырым жол салынып бүткөнүн билдирген. Жолдун жалпы узундугу 63 чакырымды түзөт.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Ошондой эле Төрөбаев Түндүк — Түштүк альтернативдик трассасынын Жумгал жана Кочкор районундагы тилкесине барып, жасалып жаткан иштерди тездетүүнү сунуштаган.