Апрелде Кыргызстандан рекорддук суммада акча которуу катталды

Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Апрель айында Кыргызстандан 79,7 миллион доллар сыртка чыккан. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Кеп жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу жүргүзгөн операциялары жөнүндө болуп жатат.
2005-жылдагы маалыматтарды талдай турган болсок (Улуттук банк ошол учурдан баштап мониторинг жарыялайт), бул бир айдагы которуулар боюнча рекорд.
Баарынан көбү Россияга которулган (74,7 миллион доллар). Белгилей кетсек, 5 миллион доллар алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн. Адатта ал жакка которуулардын көлөмү аз болчу. Мисалы, 2020-жылдын июль айында гана 1,3 миллион доллар болбосо, башка учурда миллиондон төмөн эле.
Ага чейин эң жогорку көрсөткүч 2019-жылдын декабрында болуп, 61,2 миллион долларга жеткен.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айына карата өлкөгө кирген каражаттар 255,2 миллион долларга бааланган. Бул рекорд эмес, бирок бир топ жогорку көрсөткүч.
Улуттук банктын алтын запасынын наркы үч айдан бери тынымсыз түшүп жатат