БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги XIV кылымда тараган бубон чечегинин эпидемиясы Ысык-Көлдөн Европага келгени боюнча жарыялаган макаласына комментарий берди.
Буга чейин BBC жарыялаган макалада бубон чечеги XIV кылымдын ортосунда Ысык-Көл облусунун аймактарынан тарай баштаганы жазылган. Андагы маалыматка караганда, Шотландиядагы Стерлинг, Германиянын Тюбинген университети менен Макс Планк коомчулугунун физика институтунун изилдөөчүлөрү Ысык-Көлдүн жээгине жакын жерге көмүлгөн сөөктөргө анализ жасашкан. Натыйжада алгачкы чечек 1330-жылдары Кыргызстандын аймагынан тараган деген бүтүмгө келишкен.
Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги ВВС материалды Nature эл аралык онлайн журналына чыккан макалага шилтеме жасап жарыялаганын белгиледи. Министрлик кабарлагандай, аталган изилдөөлөр Бишкектин четинде (Кара-Жыгач шаарчасы) жана Токмок шаарына жакын жерде (Бурана шаарчасы) жүргүзүлгөн. Анда болгону жети сөөктөн алынган үлгү изилденгени белгиленди.
Белгилей кетчү жагдай, жугуштуу микробдордун ДНКсын аныктоо боюнча изилдөөлөргө Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин адистери катышкан эмес.
"Ысык-Көл облусунда чечек микробунун ДНКсын аныктоо үчүн эски мүрзөлөрдү казуу иштери аткарылган эмес. Чүй облусунда учурда чечектин очогу болгон жерлер жок жана аймак толугу менен таза болуп эсептелет", — деди министрлик.
Мындан тышкары, XXI кылымда дүйнөлүк прогресс жогорку чегине жетип, бубон чечегинин очогун башталгыч стадиясында эле жок кылууга мүмкүнчүлүк бар экени белгиленди.
"XIV кылымдагыдай чечектин масштабдуу жайылып кетишине жол берилбейт", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик Ысык-Көлгө, негизи эле Кыргызстанга келген туристтердин саны арбын экенин эске алганда макала беделге шек келтирүү үчүн "атайын буйрутма" менен жазылгандай сезим калтырып жатканын кошумчалады.