БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Президент Владимир Путин Батыштын Россияга каршы санкциялары боюнча комментарий берди.
“Алардын ою ачык-айкын. Батыш компанияларын Россия рыногунан күч менен чакыртып алуу, ички активдерди тоңдуруу, өнөр жайга, каржыга жана элдин жашоо деңгээлине сокку уруу менен Россия экономикасын талкалоо. Албетте, россиялык ишкерлерге алы жетпеди. Бийлик өкүлдөрү кесипкөйлүк менен иштешти, жарандар тилектештикти жана жоопкерчиликти көрсөтүштү”, — деди ал Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында.
Путин экономикалык абалдын кадам сайын нормалдуу абалына кайтып келе жатканын белгиледи.
"Биз күчтүү элбиз жана кандай гана кыйынчылык болбосун көтөрө алабыз. Ата-бабаларыбыздай эле биз кандай гана көйгөй болбосун чечебиз. Муну өлкөбүздүн миң жылдык тарыхы далилдеп турат", — деди президент.
Анын айтымында, Батышта жалпы саптардан өзгөчөлөнүп тургандарды жазалоону жакшы көрүшөт.