Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон: Батыш Украинага учак жана танк ташыбайт, макулдашуу бар

Украинага курал-жарак жеткирилип жатканы үчүн Россия буга чейин бардык өлкөлөргө, анын ичинде АКШга нота жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинага куралдын айрым түрлөрүн, тагыраагы, чабуул жасаган учактар менен танктарды жеткирбөө боюнча Батыш өлкөлөрүнүн макулдашуусу бар экенин айтты. Бул тууралуу "Укринформ" агенттигине таянып РИА Новости жазды.
"Сиз расмий эмес макулдашуу тууралуу айтып жатасыз. Украинага коргонууга жардам берип жатабыз, бирок Россия менен согушпайбыз. Бул НАТО боюнча өнөктөштөрдүн дээрлик расмий позициясы", — деген Макрон.
Анын айтымында, Киевдин бул макулдашуудан кабары бар.
Эске салсак, Франция президенти Эммануэль Макрон, Германия канцлери Олаф Шольц жана Италиянын премьер-министри Марио Драги бейшемби күнү Украинага келип, аталган мамлекеттин президенти Владимир Зеленский менен жолугушкан.
Украинага курал-жарак жеткирилип жатканы үчүн Россия буга чейин бардык өлкөлөргө, анын ичинде АКШга нота жөнөткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон: Россия күчтүү держава, аны жок кылып салуу саясатын колдобойм