Пресс-борбор

Таксисттер эми лицензия алып иштейт. Баасы 500-1000 сом болмокчу

Лицензиялоо тууралуу мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн.— Sputnik. Кыргызстанда таксисттердин баары ИИМден лицензия алып иштеши күтүлүүдө. Баасы болжол менен 500 сомдон 1000 сомго чейин болот. Бул тууралуу ЖКККББнын Транспорт ишин жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Темирлан Мирсадык уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, лицензиялоо тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга коюлуп, министрлик, мекемелер менен макулдашуу жүрүүдө. Мындан тышкары, лицензиялоо боюнча автоматташтырылган система ишке киргизилет.
"Айдоочу ЖКККББга арыз менен кайрылганда анын автоунаасын тиешелүү критерийлерге ылайык карап беришет. Лицензиянын бар-жогу атайын система жана инспекторлор аркылуу көзөмөлдөнөт", — деди Мирсадык уулу.
Алдын ала маалыматтар боюнча, лицензиянын баасы 500 сомдон 1000 сомго чейин болот. Жарактуу мөөнөтү — 1 жыл.
Путин мурда-кийин соттолгондорго такси айдоого тыюу салды