Мыйзамсыз жүк ташыган транспорттор конфискацияланат. Жапаров мыйзамга кол койду

Документ товарларды жана транспорт каражаттарын аткезчилик жол менен ташып кирүүгө, сыртка алып чыгууга каршы күрөшүү үчүн багытталган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине буюмдарды аткезчилик жол менен ташыган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров "Айрым мыйзам актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кылмыш-жаза кодекси менен Жоруктар жөнүндөгү кодекске)" мыйзамга кол койду.
Документ товарларды жана транспорт каражаттарын аткезчилик жол менен ташып кирүүгө, сыртка алып чыгууга каршы күрөшүү үчүн багытталган.

"Кылмыш-жаза кодексине мыйзамсыз жол менен буюмдарды ташууда пайдаланылган транспорт каражаттары конфискацияланууга тийиш деген норма киргизилди", — деп айтылат маалыматта.

Аталган мыйзам 2022-жылдын 18-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Пресс-борбор
Таксисттер эми лицензия алып иштейт. Баасы 500-1000 сом болмокчу