Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Украинадагы атайын операциянын бардык максаттары ишке ашарын айтты

Россиянын башчысы атайын операция боюнча чечим аргасыз жана зарыл болгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Украинадагы атайын операциянын бардык максаттары ишке ашырылат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, буга жоокерлердин эрдиги менен россиялык коомчулуктун консолидациясы кепилдик бере алат.
"Батыш мурда кабыл алган милдеттенмесин аткаруудан түп-тамырынан баш тартты. Аны менен кандайдыр бир жаңы келишимдерге жетишүү мүмкүн эмес болуп чыкты. Мына ушундай кырдаалда жана бизге коркунучтардын күчөшүнүн фонунда атайын операция өткөрүү чечими кабыл алууга аргасыз болдук”, — деди Россиянын башчысы.
Ал ошондой эле атайын операция — бул өз коопсуздугун коргоону көздөгөн суверендүү мамлекеттин чечими экенин кошумчалады.
Путин: бир уюлдуу дүйнөнүн доору бүттү