Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Россия Украинага кол салган жок

Лавров Россия Украинаны басып кирбегенин да белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров BBC басылмасына маек берип, анда Россия тарап Украинада эч кимге кол салбаганын айтып, бул мамлекетте орустарга кол салуу болгонун билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз эч кимге кол салган жокпуз. Украинадагы орустарга кол салуу болду. Андан башка арга калбаганын дагы бир жолу кайталайм. Азыр силердин, Батыштын куралы менен Украина режими жай тургундарды, шаарларды аткылап жатат. Мындай көрүнүш 2014-жылы путчисттер бийликке келгенде болгон. Алар учактар менен Луганскинин борборун аткылап, Одессада 50 адамды өрттөшкөн", — деди министр.
Лавров Россия Украинаны басып кирбегенин айтып, атайын операция Киевди НАТОго тарткан Батыштын кылмышын көзгө сайып көрсөтүү үчүн башка ыкма калбай калганда жарыяланганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Бала ойной берсин. Лавров Зеленскийдин санкциясына комментарий берди