Пресс-борбор

ЖКККББ: Кыргызстанда лицензиясы жок 18 автомектептин иши токтотулду

Кыргызстанда жалпысынан 270 автомектеп болсо, анын 193үн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция текшерген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстанда лицензиясы жок 18 автомектептин иши токтотулуп, жети мектеп өз ыктыяры менен биротоло жабылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) транспорттук ишмердүүлүктү жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн инспектору Темирлан Мирсадык уулу билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Автомектептерди текшерүү, таксиге күбөлүк берүү жана унааларды каттоо" аттуу брифингге катышты.
Мирсадык уулунун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 270 автомектеп бар, анын 193үн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекция текшерген. Жыйынтыгында 198 эскертүү берилип, 1 миллион 200 миң сомго 44 айып пул салынган.

"18 автомектептин иши токтотулган, башкача айтканда, лицензиясы жок болгондуктан ишмердүүлүк жүргүзө албайт. Текшерүүлөр ачык-айкын болушу үчүн ага ЖКККББ кызматкерлеринен тышкары башка билим берүү борборлорунун жана коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат", — деди инспектор.

Автомектептерди текшерүү биринчи жарым жылдыктын соңуна чейин бүтөрү кошумчаланды.
ЖКККББ: өлкөдө автомектептер текшерилип, ондон ашыгы жабылды