500 млн. доллар кетет. Кыргызстанда электр станциясын куруу пландалууда

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы россиялык инвесторлордун колдоосу менен электр станциясы куруларын маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Чалдовар айылына жакын жерге электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул туурасында Sputnik агенттигине экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров россиялык инвесторлордун колдоосунда Кыргызстанда газ менен иштей турган электр станциясы куруларын маалымдаган. Анын кубаттуулугу 600 мегаватты түзөт. 17-июнь күнү Санкт-Петербургда инвесторлор менен жыйынтыктоочу жолугушуу болорун кошумчалаган.
Бүгүн Sputnik кабарчысы Петербург эл аралык экономикалык форумунун аянтчасында министрден бул станция боюнча сурады.
"Кээ бир майда маселелер гана калды, аны чечип алгандан кийин макулдашууга кол коюуга өтөбүз деп ойлойм. Чалдовар айылы Казакстан менен чектешкен аймак. Түркмөнстандын, Казакстандын, Өзбекстандын газын колдонуу пландалууда. Курулуштун болжолдуу суммасы 500 миллион доллар", — деди Амангелдиев.
Ал станциянын кубаттуулугу 540 мегаватт болорун тактап, курулуш иштери 1,5-2 жылга созуларын айтты.
Ысык-Көлдө күндөн кубат алган электр станциясын куруу башталды. Сүрөт