"Кыргыз темир жолу" модернизацияланган вагонду көрсөттү

КТЖ модернизацияланган унаанын келечектеги жүргүнчүлөрү үчүн кандай ыңгайлуулуктар түзүлгөнүн айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ички каттамдар үчүн модернизацияланган вагонду көрсөттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы ички каттамдар үчүн модернизацияланган вагонду көрсөттү

2 / 3

Ал жарактан чыгарыла турган вагон болчу

3 / 3

Ошол эле учурда кылдаттык менен текшерилип, конструкциясы өзгөртүлбөй, коопсуздук үчүн кузов бекемделген

Ал жарактан чыгарыла турган вагон болчу. Ошол эле учурда кылдаттык менен текшерилип, конструкциясы өзгөртүлбөй, коопсуздук үчүн кузов бекемделген. Вагон текшерүүдөн өтүп, бардык уруксат кагаздарын алган.
"Анын структуралык бөлүгү өзгөргөн жок. Негизги максат темир жол менен саякаттоону тандаган адамдардын сапарын ыңгайлуу жана коопсуз кылуу", — деп түшүндүрдү мекеме.
Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн вагондун терезелери көбөйтүлүп, панорамалык терезелер орнотулду.
Ошондой эле мекемеден шассинин жаңы элементтери жана автоматтык тормоздор орнотулганын билдирди. Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кышкы-жайкы кондиционер системалары, ошондой эле муздаткыч орнотулган.
Жол киренин баасы жана вагон качан ишке кирери азырынча белгисиз.
Өлкө ичиндеги поезд жол киресинин жаңы тарифи айтылды