Радио

Мадаким: кинодо техникалык жактан коңшу өлкөлөрдөн арттабыз

Кинорежиссёр, сүрөтчү Элдияр Мадаким кино индустриясы жаңы технологияларга түздөн-түз байланышта болгондуктан аны жакшыртууга бардык аракет көрүлүүсү керектигин айтты.
Sputnik
Кыргыз киносу техникалык жактан коңшу өлкөлөрдөн артта калды. Бирок колдо бар инструменттер менен аракет кылып, жакшы картиналар жаралып жатат. Бул тууралуу Элдияр Мадаким Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын техникалык базасы советтик мезгилден бери толук кандуу өзгөрө элек.
"Кино тармагында техникалык жактан алганда коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу арттабыз. Мисалы, Төлөмүш Океев атындагы улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын техникалык базасы советтик мезгилден бери толук кандуу өзгөргөн эмес. Жеке сектор заманбап технология менен иштөөгө аракет көрүп, жакшы ийгиликтерге жетип жатат. Ал эми монтаждоону, түстөрдү коррекциялоону көбү үйрөнүп, үй шартында эле жасоодо. Бирок көркөмдүк жагынан алганда кичине аксап жатабыз. Ал эми кинолордун мазмуну, тарбиялык мааниси, биздин менталитетти эске алсак, кыргызстандык режиссёрлордо жакшы тажрыйба жана өсүш бар", — деди Мадаким.
Ошондой эле адис продюсер каражат жагынан гана колдоо көрсөтпөстөн, ой да бере турган адам катары калыптанышы керектигин кошумчалады.