Радио

Иминов: диндердин тарыхы — светтик предмет

Президентке караштуу дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов келе жаткан окуу жылында киргизилчү диндердин өнүгүү тарыхы предмети эч бир диний уюмга карабай турганын айтты.
Sputnik
2022-2023-окуу жылында орто мектептерге киргизилчү диндердин өнүгүү тарыхы предметинин программасы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын тыкыр көзөмөлүндө түзүлөт. Бул тууралуу Айбек Иминов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган сабак биринчи жолу киргизилип жаткан жок.
"Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы" деп аталган документ бар. Бул концепция 2021-2022-жылдарга карата экинчи ирет кабыл алынды. Ушул концепциянын негизги багыттарынын бири дин боюнча билим берүүнү өркүндөтүү, жандандыруу болуп эсептелет. Концепцияга мындай багыттар жөндөн-жөн киргизилбейт. Коомдо бул көйгөй бар болгондуктан 2016-жылы эле пилоттук негизде 56 мектеп ушул предметти сынамык иретинде үч жыл окуган. 2019-жылы пилоттук долбоор бүткөндө коронавирус пандемиясы болуп, токтоп калган. Президенттин жарлыгына ылайык, келе жаткан окуу жылынан тарта кайра жалпы республика боюнча киргени жатат. Бул жерде аталган предметтин программасы, ал окутулчу китептер Мамлекеттик дин комиссиясынын тыкыр көзөмөлүндө болот. Сабак светтик эле предмет болуп эсептелет, эч бир диний уюмга тиешеси жок", — деди Иминов.
Ал ошондой эле аталган комиссия бир эле бул предмет боюнча эмес, республика аймагына кирген бардык диний багыттагы адабий китептерди текшерип турарын кошумчалады.