Бишкектин базарларында эт канчадан сатылып жатат? Баалар

Көпчүлүк базарларда бир килограмм эттин баасы 400-500 сомдун тегерегинде сатылып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Бишкектин базарларында эттин баасы канчадан болуп жатканын айтты.
"Ош" базары
Ири мүйүздүү малдын эти — 510-550 сом (1 кг);
Майда жандык — 550-570 сом.
"Аламүдүн" базары
Ири мүйүздүү малдын эти — 490-520 сом;
Майда жандык — 480-600 сом.
"Азиз" базары
Ири мүйүздүү малдын эти — 490-550 сом;
Майда жандык — 500-550 сом.
"Ак-Эмир" базары
Ири мүйүздүү малдын эти — 500-550 сом;
Майда жандык — 550-600 сом.
"Орто-Сай" базары
Ири мүйүздүү малдын эти — 530-570 сом;
Майда жандык — 530-570 сом.
Белгилей кетсек, март айында айрым айыл чарба азыктарын сыртка алып чыгууга (экспорт) алты айга чейин убактылуу чектөө киргизилген.
Кыргызстандын аймагынан тыш бодо малдын эти (жаңы же муздатылган, тоңдурулган), тоют (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан тоюту), арпа, сулуну экспорттоого тыюу салынган.
Жыл аягына чейин Кыргызстанда баа канчага көтөрүлөт? Улуттук банктын божомолу