Байден Россияга каршы санкцияны кандай максатта киргизгенин түшүндүрдү

АКШ президенти каршылык көрсөтпөсө, Россия Европага тереңдеп кирүүнү улантмак деген оюн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Жо Байден дүйнөлүк рынокто күйүүчү май жана азык-түлүк каатчылыгына алып келген Россияга каршы санкцияларды киргизүү чечимин алдыда болчу шайлоону ойлогон саясатчы катары эмес, кол башчы катары кабыл алганын айтканын РИА Новости жазды.
Байден каржы санкцияларын киргизүүнүн себептери жөнүндөгү суроого "НАТОнун эң күчтүү державасы Россиянын агрессиясына жооп кайтаруудан качса эмне болот эле?" деп жооп берген.
АКШ президенти каршылык көрсөтпөсө, Россия Европага тереңдеп кирүүнү улантып, Кытай Тайванды басып алуу пландарын күчөтүп, Түндүк Корея өзөктүк амбицияларын агрессивдүү түрдө ишке ашырмак деген оюн айткан.
Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Россияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып, санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын билдирген. Ал Батыш миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатууну максат кылып жатканын кошумчалаган.
Санкциялардын азабын тартып... АКШ жана Евробиримдикте инфляция чектен ашты