Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Антонов: Россия Украина эгинин ташыган кемелердин коопсуздугуна кепилдик берет

Элчи РФ жүк ташууга тоскоол болуп жатат деген айыптоолорду четке кагып, Украина ал аймакка 420 деңиз минасын койгонун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия Украина көзөмөлдөгөн порттордон дан ташыган кемелердин коопсуздугуна кепилдик берүүгө даяр жана ачык коридорлорду атайын операциянын кызыкчылыгы үчүн колдонбойт. Бул тууралуу Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антоновго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал РФ жүк ташууга тоскоол болуп жатат деген айыптоолорду четке кагып, Украина ал аймакка 420 деңиз минасын койгонун айтты.
Антонов National Interest гезитинде жарыяланган англис тилиндеги макаласында Украина бийлиги конструктивдүү кызматташууга даяр болгондо гана ийгиликке жетүүгө болорун белгилеген. Дипломаттын айтымында, бул маселени чечүү үчүн Украина акваторияны минадан тазалашы керек.
"Россия мындай каттамдардын коопсуздугуна кепилдик берет жана аларды атайын операциянын кызыкчылыгы үчүн колдонбойт. Биз тараптан эч кандай тоскоолдук жок. Топ азыр Киев тарапта", — деп кошумчалады ал.
Элчи Украинанын эгинин экспорттоо үчүн Россиянын көзөмөлүндөгү Кара деңиз жана Азов деңизиндеги порттор же Беларусь аркылуу өтсө болорун айтты.
БУУ дандын жетишсиздигинен улам азык-түлүк кризиси келе жатканын айтууда. Батыш Россияны дүйнөлүк рынокко украин данын чыгарууда тоскоолдук кылып жатат деп айыптап келет. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин Украинадан эгин экспорттоодо эч кандай маселе жок экенин жана Москва буга кийлигишпей турганын билдирген.
Украина: коопсуздугубуз кепилденмейинче эч кимге эгин бербейбиз