Песков: АКШ, ЕБ миллиондоп ачка калгандарга эмне деп жооп берерин ойлошу керек

Маалымат катчы оңбогондой катаны бул жерде Евробиримдиктин жетекчиси, европалык өлкөлөр, биринчи иретте Америка Кошмо Штаттары кетиргендигин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россияга карата жер семирткичтер боюнча санкция салган АКШ менен Евробиримдик эми пайда боло турган миллиондоп ачка калгандарга эмне деп жооп берерин ойлонушу керек. Бул туурасында РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге берген маегинде айткан.
"Дал ошолор (АКШ менен ЕБ) жер семирткичтерге төлөөгө, дал ушул тараптар жүктөөгө жарамдуу кемелерди камсыздандырууга мүмкүнчүлүк бербей келишет. Бул жерде эске сала кетүүчү нерсе, АКШ алгач санкцияны биринчилерден болуп киргизип алып, эмне кылып салгандыгын түшүнө коюп, жер семирткичтерди өтө зарыл делген азыктардын катарына кошуп, чектөөнү жок кылды. Бирок кемелерди камсыздандыруу сыяктуу кыйыр чектөөлөрдү калтырды. Тилекке каршы, биздин кемелерди порттордо кабыл албай койгон нерсе бар. Ал жалпысынан алганда жеткирүүлөрдү 40 пайыздан ашыгыраак көлөмгө кыскартууга алып келди", — деген Песков.
Маалымат катчы оңбогондой катаны бул жерде Евробиримдиктин жетекчиси, европалык өлкөлөр, биринчи иретте Америка Кошмо Штаттары кетиргендигин белгилеген.
"Бул өлкөлөр эми пайда боло турган миллиондоп ачка калгандарга кантип жооп бере тургандыгын ойлонуусу керек", — деп кошумчалаган Песков.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ Россияга каршы санкциялар ашыкча болуп баратканын мойнуна алууда