Талантаалы Бакчиев Уфадагы жаш айтуучулар сынагында калыстар тобун жетектейт

Манасчы Талантаалы Бакчиев. Архив
Иш-чара 16-17-июнь күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россиянын Башкыртстан Республикасында Бүткүл россиялык балдар жана жаш айтуучулардын сынагы өтүп, анда калыстар тобун манасчы Талантаалы Бакчиев жетектейт. Бул тууралуу "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынан билдиришти.
Иш-чара 16-17-июнь күндөрү болот. Фестивалды Башкыртстандын Маданият министрлиги, "Элдик чыгармачылык республикалык борбору" жана "Сэсэндер борбору" уюштура турганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, Талантаалы Бакчиев — манасчы, "Манас" жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору.
Азыркы Опера жана балет театрынын солисттери Анвар Куттубаева, Сайра Кийизбаева жана дирижёр Шейше Орозов. Москва шаары, 1939-жыл
Москвалыктарды таңданткан кыргыздар. 83 жыл мурдагы декада ирмемдери