БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы карызы барларга карата чектөө чараларын көрүүнү улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Салык органдарынын арызынын негизинде сот аткаруучулар салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча жалпы 7 миллиард 683,9 миллион сом карызы бар 1001 салык төлөөчүгө алдын алуу чараларын көрдү. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 251 салык төлөөчү 42,3 миллион сом карызын төлөдү", — деп айтылат маалыматта.
Салык боюнча 100 миң сомдон ашык карызы барларга төмөнкүлөр тыюу салынат:
өлкөдөн чыгууга;
кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди көрүүгө;
банктык операцияларды жүргүзүүгө;
карызы бар адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүүгө;
лотерея утуштарын, акчалай же белек катары алынган башка мүлктү белек, материалдык жардам же мурас катары берүүгө.
Салык кызматы мындай жагымсыз аракеттерди болтурбоо үчүн салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында төлөөгө чакырды.