Песков: Россия эми АКШ менен башкача сүйлөшөт

Маалымат катчы АКШ Россия менен аскерий жактан да, экономикалык багытта да согушуунун келечеги жок экенин, ал эми "санкциялар менен муунтуу" саясаты суу кечпей турганын түшүнүшү керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Россия менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүү мурдагыдай болбойт, Москванын мамилеси катаалдашат. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новости агенттигине курган маегинде айтты.
Ал АКШ дипломатиялык мамилелерди үзүп сала тургудай көп одоно кадам жасаганын, бирок кандай болгон күндө да бул өлкө менен алака түзүүгө туура келерин белгилеген.
"Ооба, эми башкача сүйлөшөбүз, мурдагыдай диалог болбойт. Позициябыз катаалдашат. Дагы бир ирет кайталайын, АКШ жоголуп кетпейт, кандай болгон күндө да аны менен мамиле түзүүгө, сүйлөшүүгө туура келет", — деди Песков.
Муну менен бирге ал АКШ Россия менен аскерий жактан да, экономикалык багытта да согушуунун келечеги жок экенин, ал эми "санкциялар менен муунтуу" саясаты суу кечпей турганын түшүнүшү керектигин белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүн Россия — АКШ саммитине бир жыл толду. Былтыр 16-июнда Женевада Владимир Путин менен Жо Байден жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Си Цзиньпин: Кытай коопсуздук маселесинде Россияны колдоого даяр