БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков жогорку окуу жайлардын ректорун шайлоо укугун студенттерге берүүнү сунуштады.
Учурда парламентте "Билим берүү жөнүндө" жаңы мыйзам долбоору талкууланууда. Ага ылайык, улуттук ЖОЖдордун ректорун президент, мамлекеттик макамындагыларды министр дайындайт. Азыркы мыйзамда алар шайлоо тартиби менен кызматка коюлат.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мындай демилге ЖОЖдо билим берүү процессине караганда саясат көбөйүп кеткендиктен башкаруунун эффективдүүлүгүн арттырууга багытталганын айтты.
"Өзүңүздү демократ катары алып жүрөсүз. Студенттер контракт төлөп жатса өздөрүнө эрк бериши керек. Ректордун шайланышын колго алууга болбойт, бюрократияга алып кетесиздер. Алар өзүн-өзү каржылап жаткандан кийин шайлоону жамаатка бериш керек. Сизге ректор дайындаган жагып, сүйүнүп жатасыз, анткени демократиялык жолду көрсөткөн жоксуз. Мен логикасын туура түшүндүрдүм окшойт. Студенттер өзүн-өзү багып жатат, демек, ректорду шайлаганга аларга уруксат бериш керек", — деди депутат.
Ошол учурда министр азыр ректорду студенттер эмес, мугалимдер шайлай турганын белгиледи.
Андан соң Жумабеков шайлоону студенттерге берсе андан жакшы болорун айтты.