Икрамов: окуучуларга улуттук баш кийим кийгизүү боюнча мыйзам долбоор жазып жатам

Эл өкүлү айыл жергесинде орус, англис тили, шаарларда кыргыз тили сабактарын көбүрөөк окутуу керектигин айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов окуучуларга улуттук баш кийим кийгизүүнү милдеттендирүү боюнча мыйзам долбоорун жазып жатканын билдирди.
Эл өкүлү билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевге мектептерге жаңы эрежелерди киргизүү боюнча бир катар сунуштарын айтты.
"Мен комуз предметин киргизүүнү сунуштагам. Мектепте окуган уул-кыздарга улуттук баш кийимди бирдиктүү форма катары кийгизиш керек. Бүгүнкү күндө эки-үч миң сомго баш кийимди гана киргизе турган болсок арзан дагы болот. Учурда мыйзам долбоорун даярдап жатам. Окуучуларды адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Мектепти бүткөнгө чейин жакшы тарбия берели, андан кийин өздөрү тандоо жасашат", — деди Икрамов.
Мындан сырткары, ал айыл жергесинде орус, англис тили предметтеринин саатын көбөйтүп, кесипкөй мугалимдерди тартууга чакырды. Ошол эле учурда Бишкек шаарында кыргыз тили аксап жатканын айтып, мамлекеттик тилге басым жасоону сунуштады.
Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты