Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты

Депутат ар бир класска видеокамера коюп көзөмөлдөөнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев окуучулардын мектеп ичинде телефон колдонушуна тыюу салына турганын билдирди.
"Окуучулар сабак учурунда телефон колдонбошу керек деген позицияны колдойбуз. Ушул маселени ишке ашырабыз", — деди министр.
Бирок ал мөөнөтүн айткан жок.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ар бир класска видеокамера коюп, аны директор кабинетинен көрүп отура тургандай система киргизүүнү сунуштады.
Бекешев: ректорлукка доктор, профессорлор эмес, менеджерлер дайындалсын