Ноутбук менен смартфондун камерасын жаап жүрүү керек. Адистин түшүндүрмөсү

Учурда кимдир бирөөнүн смартфонундагы камерага кирип, анын кайда эмне кылып жүргөнүн карап туруу үчүн хакердик программалар өтө көп.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Хакерлер ноутбуктун же смартфондун камерасына кире алабы жана аппараттын ээсине бул нерсе кандай коркунуч жаратат? Бул суроого Sputnik радиосунун эфиринде киберкоопсуздук боюнча адис Григорий Пащенко жооп берди.
Анын айтымында, учурда кимдир бирөөнүн смартфонундагы камерага кирип, анын кайда эмне кылып жүргөнүн карап туруу үчүн хакердик программалар өтө көп. Ал үчүн күмөн санагандар телефонун улам текшерип турганы жакшы. Бирок айрым программалар башка тиркемелердин кейпин кийип, "жашынып" алышы мүмкүн.
"Мени аңдып жатышат деп күмөн санагандар адиске текшерткенге чейин камеранын бетин пластырь менен чаптап жүрсө болот", — деди адис.
Ошондой эле ал коопсуздук үчүн сматрфондогу кайсы тиркемелердин камерага кошулуу үчүн расмий уруксаты бар экенин текшерип алууну сунуштайт.
Мындан тышкары, зыяндуу тиркемелерден сактануу үчүн күчтүү антивирустарды коюу керектигин эскертти.
Шылуунга банктык картаны ачып алуу үчүн эки маалымат жетиштүү. Адистин эскертүүсү