Бекешев: ректорлукка доктор, профессорлор эмес, менеджерлер дайындалсын

Депутат ректор көбүнчө илимий иштер менен алектенбейт деген пикирин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жогорку окуу жайлардын ректорун илимий даражасына эле эмес, менеджерлигине карап дайындоону сунуштады.
"Ректор болууга доктор, профессор илимий даражалары болсун деген талаптарды жазбагылачы, сураныч. Бизде көп профессорлор менеджер эмес да. Мүмкүн алар илимий жактан кыйындыр, бирок башкаруу жагынан аксайт. Сиз билесиз, ректор илимий ишмер эмес, башкаруучу болушу керек", — деди эл өкүлү.
Билим берүү жана илим министри жогорку окуу жайлар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө да жооптуу экенин, андыктан бул маселени кылдат кароо керектигин айтты.
Дастан Жумабеков: ректорду министр эмес, студенттер өзү шайласын