Радио

Жунушова: кыргыздагы кызын окуткан маданиятты жоготпошубуз керек

Социология илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Сайкал Жунушова билим берүүдө кыз балага басым жасоо туура экенин айтты.
Sputnik
Кыргызда жакшы бир маданият бар. Кыз балдарыбызды окутуп калууга тырышабыз. Бул абдан туура. Мындай пикирин Сайкал Жунушова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыздары билимдүү улут жок болбойт.

"Элибизде кыздарга көбүрөк же жакшыраак билим берүү жөрөлгөсү бар. Бул абдан туура көрүнүш. Муну менен кыргыздар кыз балага аяр мамиле жасап, анын өзүнө эле кам көрбөйт. Кыздарды билимдүү кылуу философиясынын тамыры алда канча тереңде жатат. Кыз бала — тукум улоочу, эртеңки эне. Ал билимдүү болсо баллдары да эне мектебинде, турмуш мектебинде билимдүү болуп чыгышат. Маданияттуу эненин балдары да маданияттуу болот. Аялзаты бир эле өз балдарын эмес, улутту тарбиялайт. Күчтүү, дени сак улут энелердин билимдүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Кыргыздар муну илгертен эле түшүнүшкөн. Андыктан кыздарды билимдүү кылууга далалаттануу көрүнүшүн жоготуп албашы керек", — деди Жунушова.

Социолог эркек балдарга да билим алуу зарыл экендигин, бул келечектеги үй-бүлөсүнүн жашоо сапатына таасирин тийгизерин кошумчалады.